Кыргызстандык жаран Хабаровск шаарында граната менен кармалды

27 жаштагы кыргызстандык жаран Орусиянын Хабаровск шаарында жөө аскерге каршы граната менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Хабаровск крайынын прокуратурасынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, айыпталуучу Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн. Ал аталган шаардын Ворошилов көчөсүндөгү май куюучу жайдан РГД-5 үлгүсүндөгү жөө аскерге каршы кол гранатаны таап, аны кошо алып жүргөн экен.

Райондук сот аны Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин “ок-дарыларды мыйзамсыз алуу жана өткөрүү” беренеси боюнча айып тагып, 1 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан