Уимблдон мелдешин теннисчи Новак Жокович утуп алды

Кечээ, 6-июлда Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 ири мелдештин бири Уимблдон мелдеши жыйынтыкталды. Анда мырзалар арасында финалда сербиялык Новак Жокович менен швейцариялык Роджер Федерер кез келишип, Жокович жеңүүчү аталды (6:7, 6:4, 7:6, 5:7, 6:4 эсептери катталды). Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Сербиялык теннисчи Новак Жокович ушуну менен өз карьерасында 7-ирет Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерде жеңүүчү аталды.

Кошумчалай кетсек, кыз-келиндер арасындагы финалда чехиялык Петра Квитова канадалык Эжени Бушарды утуп алды (6:3, 6:0). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан