Декларация: Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов былтыр 353 988 сом маяна алган

Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов (сүрөттө) 2013-жылы 353 988 сом маяна алган. Тапшырган декларациясына таянсак, министр 275,1 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйдүн кожоюну. Жакындары былтыр 9 миллион 633 551 сом киреше табышкан. Алардын мүлкү төмөндө:

Төрт имарат, аянттары: 153,9 чарчы метр, 266,7 чарчы метр, 176,1 чарчы метр, 228,2 чарчы метр.

Үй, аянты: 90,4 чарчы метр.

Батир, аянты: 222,4 чарчы метр.

Эки гараж, аянттары: 24,2 жана 23,9 чарчы метр.

Үй, аянты: 124,5 чарчы метр.

Автоунаа: 2013-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр 200.

Калыкбек Султановдун орун басары Абдимамат Мурзабеков былтыр 227 441 сом маяна алыптыр. 238,36 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйдүн, 9000 чарчы метрлик жер тилкесинин ээси. Автоунаасы: 2004-жылы чыгарылган Лексус RX300. Анын жакындары 10 миң чарчы метрлик жердеги көп жылдык өсүмдүк көчөттөрүнө ээлик кылышат.

Министрдин дагы бир орун басары Дүйшөнбек Абдылдаев 485 899 сом маяна алганын айтты. Бир батир, бир жер тилкесине ээлик кылат. Автоунаасы: 2006-жылы чыгарылган Тойота Прадо. Анын жакындары өткөн жылы 280 204 сом киреше табышса, 38,6 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйгө кожоюндук кылышат. Автоунаасы: 2008-жылы чыгарылган Тойота Ярис.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан