Башкы прокурор Аида Салянова жетектеген Кыргызстандын делегациясы АКШда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын максаты - коррупция менен күрөшүү маселесине басым жасоо менен уурдалган жана изи жашырылган активдерди кайтаруу боюнча Кыргызстан-Америка укуктук кызматташтыгын активдештирүү жана бекемдөө.
4-июлда Аида Салянова Оттава шаарында Канаданын юстиция министри, тышкы иштер министри, башкы прокурору, өлкөнүн федералдык полициясынын өкүлдөрү жана парламентарийлердин коррупция менен күрөшүү боюнча глобалдык уюму менен жолугушту.
Канаданын башкы прокурору Брайн Сандерс менен жолугушуу учурунда Аида Салянова Кыргызстандын бийлик адамдарынын коррупцияланышына көмөктөшкөн канадалык компаниянын өкүлдөрүн жоопко тартууну айтты. Ошондой эле тараптар кен иштетүү тармагында кылмыш ишин козгоону талкуулашты.
Канаданын прокуратурасы коррупция жаатында тергөө амалдарына көмөктөшүүгө даяр экенин белгилеп өтүштү. Бул тууралуу 7-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди