Парламентте жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн атайын рубрика иштеп жатат

Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык, Жогорку Кеңеште кайрылууларды кабыл алуунун электрондук рубрикасы иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, эми жарандар өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылууларын kattar@kenesh.kg электрондук дарегине жөнөтө алышат. Электрондук почтага келип түшкөн кайрылууларды кароо тартибине ылайык, жарандар өздөрүнүн кайрылууларында сөзсүз кайрылуу жөнөтүлүп жаткан мамлекеттик органдын аталышын же кызмат адамынын аты-жөнүн көрсөтүүгө тийиш. Андан сырткары электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде электрондук документтердин көчүрүлүп алынган нускаларын, интернет торчосундагы электрондук файлдар жайгаштырылган даректерди тиркөөгө жол берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан