Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айылындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 36 үй-бүлөгө жаңы курулган үйлөр тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда ЖКдан билдиришти. Маалым болгондой, үйлөр атайын аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга арналып салынган. Үйлөрдүн ачкычын тапшыруу иш-чарасына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми катышты.