Каржы министри Ольга Лаврова (сүрөттө) 2013-жылы 1 миллион 080 826 сом киреше тааптыр. Министр мунун 894 419 сомун өкмөттөн маяна катары алса, калган 186 407 сому пенсиясы. Тапшырган декларациясына таянсак, мүлкү төмөнкүлөр:
3 батир, аянттары: 61,9; 68,5; 131,9 чарчы метр.
2 жер тилкеси, аянттары: 100 чарчы метрден.
Ольга Лаврованын орун басары Арзыбек Кожошев былтыр 630 миң сом киреше тапкан: маянасы 594 843 сом, кошумча кирешеси 35 158 сом. Анын жакындары өткөн жылы 230 979 сом киреше табышса, 400 чарчы метрлик жер тилкеси жана 99,2 чарчы метр аянт батирге жана бир кичи автобуска ээлик кылышат.
Министрдин орун басары Мирлан Байгончоковдун былтыркы кирешеси 633 470 сом. Мунун 612 787 сому маяна, калганы кошумча кирешеси. 51,5 чарчы метр батирдин ээси. Жакындары өткөн жылы 413 674 сом киреше табышса, 60,8 чарчы метр жерди ээлеген батирге кожоюндук кылышат.
Министрдин дагы бир орун басары Таалайбек Таткулов былтыр 2 миллион 411 658 сом киреше тапканын айтты. Министрликтен алган айлыгы 666 658 сом, кошумча кирешеси 1 миллион 745 миң сом. Жакындары өткөн жылы 490 000 сом киреше табышса, 140 чарчы метр жерди ээлеген батирге кожоюндук кылышат.