Абдырахман Маматалиев Сузак районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы абалды көрдү

Кечээ, 6-июлда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Өзбекстан менен чектеш аймагындагы чек ара тилкесинин абалы менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Маматалиев иш сапарынын алкагында облустун күч түзүмдөрүнүн башчылары менен бирге Кара-Дарыя суусунун жээгин бекемдөө учурунда кыргыз-өзбек чек ара тилкелери өзгөрүп кеткен делген жерлерди көрүп чыкты. “Буга чейин өзбек тараптын чек арасы кыргыз тарапка жылып кеткени тууралуу бир нече кат келип түшкөн. Муну депутаттар да айтышкан, бирок мындай сөздөр чындыкка дал келбейт экен”,- деди Маматалиев.

Өкмөт өкүлү дамбаларды бекемдөө иши боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берди.

Айта кетсек, 2014-жылдын 12-июнунда парламенттин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Өзбекстан аталган аймак аркылуу чек арасын Кыргызстан тарапка 300 метрден 1 чакырымга чейин жылдырып жатканын айткан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан