Экономика министри Темир Сариев (сүрөттө) 2013-жылы 1 миллион 590 857 сом киреше тааптыр. Мунун 590 857 сомун маяна катары алса, калган 1 миллион сому кошумча кирешеси. 322,1 чарчы метр жерди ээлеген үйү, бир ишканада 30 пайыздык үлүшү бар. Жакындарынын бир ишканада 4 пайыздык үлүшү бар.
Темир Сариевдин орун басары Олег Панкратов 338 406 сом маяна алса, 15 миң доллар кошумча киреше тапкан. 80 чарчы метр жерди ээлеген үйү бар. Панкратовдун жакындары былтыр 35 956 сом киреше табышкан.
Министрдин орун басары Санжар Муканбетов былтыр 4 миллион 005 117 сом киреше тапкан: 505 117 сому маяна, 3 миллион 500 миң сому кошумча киреше. Бир үйдүн ээси (аянты көрсөтүлгөн эмес). Жакындары бир жылда 50 000 сом киреше табышса, автоунаасы: 2008-жылы чыгарылган Хонда CRV.
Министрдин орун басары Адылбек Касымалиев өткөн жылы 640 185 сом маяна алган. Жакындары бир жылда 408 385 сом киреше табышса, мүлктөрү:
Үй, аянты: 216,7 чарчы метр.
Чачтарач, аянты: 97,8 чарчы метр.
Кафетерий, аянты 31,9 чарчы метр.
Эки жер тилкеси, аянты: 130 жана 574 чарчы метр.
Автоунаалары: 2008-жылы чыгарылган Тойота Прадо, 2006-жылы чыгарылган Дайхатсу Терпос.
Министрдин дагы бир орун басары Данил Ибраев 2013-жылы 128 851 сом маяна алыптыр. Эки батирге ээлик кылат, аянттары: 107 жана 76,3 чарчы метр. Ибраевдин жакындары 1 миллион 086 000 сом киреше табышканы декларацияда көрсөтүлдү.