Республикалык жол-кайгуул кызматы пара талап кылган инспектордун иши боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн айтты

Түп районунан студенттер менен келе жаткан айдоочудан пара талап кылган жол-кайгуул кызматкери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Республикалык жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 7-июлда кабарлашты.

Республикалык жол-кайгуул кызматынан билдиришкендей, бүгүн студенттер Жол-кайгуул кызматынын жетекчилиги менен жолугушуп, МАИ кызматкеринин пара талап кылгандыгы боюнча видеону берип кетишкен. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт жана аталган кызматкердин күнөөсү аныктала турган болсо, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эске салсак, 6-июлда Ысык-Көл облусунда жол-кайгуул кызматкерине 10 миң сом пара бербеген айдоочу камакка алынганы тууралуу маалымат тараган. Түп районунун жол-кайгуул кызматкери тосуп, маршруттук таксинин ээси Замирбек Жороевди "спирт ичимдигин ичкен" деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камап, унаасын атайын токтотуучу жайга токтотуп койгону айтылган. 

Аталган район боюнча Жол-кайгуул кызматынын ага инспектору Мурат Жумабаев бүгүн, 7-июлда SUPER.KG порталына студенттер менен келе жаткан айдоочудан пара алуу фактысы боюнча маалыматы жок экенин айтып, эреже бузган айдоочунун иши сотто караларын билдирген болчу.

 

10 миң пара сураган МАИчи
МАИчи: "10 миң сом бер да, кете бер"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asiret
2014-07-07 14:42:11
cтуденттер тартып алган видеону кайдан тапсак болот
0
admin_portal
2014-07-07 14:52:30
asiret, Саламатсызбы!
Видео кабардын ылдый жагында илинип турат.
0
Aisanat
2014-07-07 14:57:26
asiret, устудо турат го.
0
admin_portal
2014-07-07 18:18:19
omor.86 - 15 күнгө БАН!
Коомдук адепке туура келбеген, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
zamir.79
2014-07-07 18:51:59
Баягы эле карга карганын козун чокубайт кылып атышат. Видеодо ачык даана корунуп турбайбы пара талап кылганы. Дагы эмнени аныкташ керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан