Орусиялык депутат Владимир Жириновский Кыргызстан тууралуу дагы бир талкуу жарата турган билдирүү жасады. Мамлекеттик Думанын жыйындарынын биринде депутат “Кыргызстанда өлкөсүнүн Орусиянын курамына кошулушун каалаган саясий күчтөр бар” деп билдирди. Кремль Кыргызстан менен жакшы иштешпей жатканын айткан Жириновский:
“Орусияга калктын бир агымы Кыргызстандан келет, бирок биз начар иштеп жатабыз. Кыргызстанда келерки парламенттик шайлоодо Бажы биримдигине кирүү жөнүндө гана эмес, өлкөсүнүн Орусиянын курамына кошулушун талкууга алып чыга турган саясий күчтөр бар. Омск же Ростов сыяктуу жөнөкөй облус эмес, мүмкүн, кандайдыр бир кошумча укуктарды берүү менен...”- дейт.
Саясатчы убагында кыргыз менен казакты экиге бөлүү туура эмес болгонун айтат. “Кыргызстан менен Казакстанды өз-өзүнчө бөлүүдө москвалык чиновниктер эмнени көздөгөнүн түшүнбөйм. Булар бир эл. Бир тил, бир маданият. Кайсы бир мезгилде буларды кыргыздар деп эле аташчу. Алар бизге баарынан жакшы мамиле кылышат. Булардын тарыхы Красноярск крайынын түштүгүн көздөй кетет. Мына, Хакасия, булар ошол жерде калып калган кыргыздар”,- дейт депутат.