Американын чыгышындагы катуу шамал Канадада 200 миң үйдү жарыксыз калтырды

Кечээ, 6-июлда “Артур” шамалынын кесепетинен улам Канаданын чыгыш тарабындагы 200 миңден ашуун үй жарыксыз калды. Бул тууралуу чет элдик ММКлар билдирди. Өлкө эксперттери шамалдын ылдамдыгы саатына 102ден 123 чакырымга чейин жеткенин айтышууда.  

Ошондой эле шамал бак-дарактарды кыйратып, электр зымдарын үзүп кеткен. Өлкө бийлиги эки сутка аралыгында кыйроого учураган аймактарга зым тартылып, жарык кайрадан берилерин убадалашууда. 

Айта кетсек, өткөн аптанын жума күнү шамал Түндүк Каролина менен Жаңы Англияга да кесепетин тийгизип, жүздөгөн үй жарыксыз калып, көчөлөрдү суу каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadasdasd
2014-07-07 16:48:48
Аллахтын каары бул.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан