Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 7-июлда Швейцариянын каржы министри Эвелин Видмер-Шлумпф башында турган Швейцария Конфедерациясынын делегациясын кабыл алды. Анда тараптар эки өлкөнүн кызматташуусун жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.
Оторбаев кыргыз өкмөтү инвестиция тартууга кызыкдар жана ички рыноктогу швейцардык бизнеске колдон келишинче көмөктөшүүгө даяр экенин айтты. Европа мамлекеттеринин ичинде Кыргызстандын Швейцария менен өз ара соода жүгүртүү көлөмү жогору экенин белгиледи.
Эвелин Видмер-Шлумпф Швейцария мындан ары карай дагы Кыргызстанга биргелешкен долбоор жана программаларды ишке ашырууга көмөктөшөрүн, эл аралык каржы институттарында колдоо көрсөтүүсүн улантарын билдирди.
Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.