Бишкектин борбордук бөлүгүнө жаратылыш газы бериле баштайт

7-июлдан тарта Бишкек шаарынын Лев Толстой, Бейшеналиева, Гоголь көчөлөрүндө, Жибек Жолу кең көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери аяктап, учурда газ түтүктөрдү текшерүүлөр жүрүүдө. Мындан улам кардарларга газ берүү башталат. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган оңдоп-түзөө иштеринин кесепетинен кардарларга ыңгайсыздыктарды көп убакытка түзбөш үчүн 6 жумушчу бригада үзгүлтүксүз түрдө иштешкен.

Эскерте кетсек, "1-июлдан 1-августка чейин Бишкектин борбору газсыз калат" деген маалымат чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2014-07-07 17:52:28
Ошко качан газ бересинер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан