Алмазбек Атамбаев Швейцариянын Финансы федералдык департаментинин жетекчисин кабыл алды

Бүгүн, 7-июлда президент Алмазбек Атамбаев федералдык кеңешчи, Швейцария Конфедерациясынын Финансы федералдык департаментинин жетекчиси Эвелин Видмер-Шлумпфту кабыл алды.

Президенттин аппараты билдиргендей, мамлекет башчысы Швейцария делегациясын жылуу кабыл алып, Кыргызстан экономика тармагында эки тараптуу кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Швейцария тарапка 2010-жылы Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүдө көрсөткөн жардамы, Эл аралык финансылык институттарда Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Делегациянын катарында Эл аралык финансы маселелер боюнча мамлекеттик катчылыктын мамлекеттик катчысы Жак де Ваттевиль, Швейцариянын Мамлекеттик катчылыгынын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элчи Беатрис Мазер-Маллор, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Ренэ Холенштайн да бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан