Милиция кызматкерлеринин эреже бузуп жаткандарын видеокамерага тартып, интернет айдыңына чыгарып келген жарандык активист Болот Ибрагимовдун милиционерлер тарабынан сабалгандыгы айтылууда. Белгилүү болгондой, 5-июль күнү Болот Ибрагимов Ахунбаев жана Тынчтык көчөлөрүнүн кесилишинен МАИ кызматкерлеринин катачылыгын айтып, айдоочулар аялдамада токтоп, эреже бузулуп жаткандыгын эскертип, видеокамерага тартып баштаган. Мындан улам милиция менен жарандык активисттин ортосунда пикир келишпестик чыгып, милиция кызматкерлери Болот Ибрагимовду Биринчи Май райондук милициясына алып барышкан.
Окуя болгон күнү Болот Ибрагимов өзүнүн интернеттеги жеке баракчасына: “Мени бүгүн саат 13:00дө милиция кызматкерлери кармап кетишип, сабашты. Мени жасабаган нерсени жасады деп жаздыртышты. Милиция кызматкерлеринин бири мен үчүн ал документке кол коюп койду. Тартылган видеоматериалды жоготуп салышты. Телефонумду да кайтарышкан жок”,- деп жазган.
Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов: “Ал күнү укук коргоо кызматкерлери өз кызматтарында жүрүп, белгисиз бир жаран аларды видеокамерага тартып жаткандарын көрүшкөн. Эмне себептен жана кандай максатта тартып жаткандыгын сурап жана автомат көтөргөн милиция кызматкерлерин тартпоону өтүнгөн.
Аталган жаран мыйзамдуу өтүнүчкө баш ийген эмес. Жанында документтери да жок болгон. Кийин ал милиция кызматкерлери тарабынан милиция бөлүмүнө алып келинген. Аны кармаган укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, ал сабалган эмес. Ошол эле күнү Болот Ибрагимовдун атасы баласын алып кетти. Ал милиция кызматкерлери уулун сабагандыгы тууралуу арызын жазган. Учурда аталган факт боюнча кызматтык иликтөө башталды. Иликтөө бүткөндөн кийин бир жактуу ой айтууга болот”,- деген оюн билдирди.