Кыргызстанда 2012-жылы 3 536 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 18-январда өткөн маалымат жыйынында ӨКМнын Мамлекеттик өрт коопсуздугу агенттигинин Өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Ташмамбетов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы өрт кырсыгынан мамлекеттин бюджетине 243 миллион сом зыян келтирилген. Тилсиз жоодон 79 адам каза болсо, алардын 11и жаш балдар болду.