"Коркутуу жолу менен кардарын күч колдонуп зордуктаган" деген шек менен 49 жаштагы таксист кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-июлда билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну такси жалдап, Чоң-Арык айылына бет алган. Бирок бараткан жолдо айдоочу унааны токтотуп, кардарын өлтүрүп саларын айтып коркутуп, күч колдонуп зордуктап салган.
Бул боюнча милиция кызматкерлерине билдирилип, ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Күн-Туу айылынын 49 жаштагы таксист болуп эмгектенген тургуну кармалган.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.