Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 42 жаштагы Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну Бишкек-Ош унаа жолунун 44-чакырымында Мерседес-Бенц унаасында бара жатып башкарууга ээ боло албай калган. Жыйынтыгында жол четинде турган Ренж Ровер унаасын сүзүп алган. Кырсыктан улам 6 адам ар кандай жараат менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилип, Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу эсине келе албай каза болгон.

Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
depu
2014-07-07 18:36:12
Кудай сактасын,Ушул Ош-Бишкек жолун жакшы бир колго алыш керек болуп атат. Контрольду кучотуп жолго чыккандарды текшерше жакшы болот. Копчулугу уктабай,жолдун кыйындыгын,озум билемдик кылып айдагандарды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан