“6 жашар Милананы унаасы менен сүзүп өлтүрдү” деп шектелген кыздын атасы СИЗОго отургузулду

“6 жашар Милана аттуу кызды унаасы менен сүзүп өлтүргөн” деп шектелген 26 жаштагы Алмагүл Иличбекованын атасы Иличбек Толкубаев тергөө амалдары жүрүп жаткандыгынан улам СИЗОго эки айга отургузулду. Ал буга чейин айдоочулук күбөлүгү жок кызына рулду башкартып койгондугу үчүн кармалган элеБул тууралуу бүгүн, 7-июлда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Айыпталуучу А.Иличбекова ооруканада жаткандыгына байланыштуу ал суракка алына элек.

Эскерте кетсек, 26-июнда маалымат жыйынында "кызымдын өлүмүнө себепкерлер жазасын албай жүрүшөт" деп 6 жашар Милананын апасы Райхан Каримова билдирген. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 8-июнь күнү саат 18:00 чамасында Ысык-Ата районуна караштуу Достук айылында 26 жаштагы Алмагүл жол жээгинде ойноп жүрүшкөн 5 баланы сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Милана алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. 27-июнда И.Толкубаевдин кармалгандыгы боюнча маалымат чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Angel92
2014-07-07 18:57:40
Ээмиби..?Качан акыйкаттык жок болуп жатат деп какшап,сайраганда.Кызы кайда экен же жон эле коргозмого олтурдубу атасы?
0
Eliza83
2014-07-07 19:14:34
Angel92, Кызы "ооруп" атат экен...
0
Kanat8427
2014-07-07 21:39:25
Машина айдап жап жакшынакай жургон кызы ооруп калыптыр деген шылтоода...
0
g.jumabekova
2014-07-08 16:18:58
Жоопкерчиликке келгенде эле баары оорукчан акылы кем болуп чыга келишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан