Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Чүй облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кайыңды шаарындагы “Кайыңды кабель заводу” ишканасында болду. Анда аталган заводдун башкармалыгынын төрагасы Бектур Калыков жүгүртүү каражатынын жоктугунан ишкана токтоп тургандыгын айтты. Бир айдын ичинде заводду ишке киргизүүнү талап кылды. Ал эми иш сапарды коштоп жүргөн КРнын энергетика жана өнөржай министри Автандил Калмамбетов министрлик бул көйгөйдү өзүнө алып, бир айда заводду ишке киргизээрин айтты. “Мен заводдун ишке киришин күтөм. Бул жерде ММК өкүлдөрү турат, бир айдан кийин биз завод ишке киргизилгендигин текшеребиз. Эгер андай болбосо чара көрүлөт”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.