Милиция кызматкерлеринин эреже бузуп жаткандарын видеокамерага тартып, интернет айдыңына чыгарып келген жарандык активист Болот Ибрагимовдун милиционерлер тарабынан сабалгандыгы кызуу талкууга алынган.
Белгилүү болгондой, 5-июль күнү Болот Ибрагимов Ахунбаев жана Тынчтык көчөлөрүнүн кесилишинен МАИ кызматкерлеринин катачылыгын айтып, видеокамерага тартып баштаган. Мындан улам милиция менен жарандык активисттин ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кийинчерээк милиция кызматкерлери Болот Ибрагимовду Биринчи Май райондук милициясына алып барып сабашканы жөнүндө маалымат тараган. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин өкүлдөрү жарандык активистке карата милиционерлер тарабынан күч колдонулбаганын айтып чыгышкан. Окуя боюнча жарандык активист төмөнкүлөрдү билдирди.
- Болот, сизди кармаган милиция кызматкерлери сизге күч колдонулбаганын айтышууда...
- Мен алар антип айтышса деле таң калбайм. “Төө эмес экениңди аныктачы” дегендей эле кеп да. Чынында, алар туура эмес жерден, аялдамадан тосуп жатышты. Мен аларды видеокамерага тартып баштаганда эле алар колумду кайрып, эч кандай документтерин көрсөтпөстөн, күч менен унаага салышты. Менин эмнеге кармалганымды 6 саат бою айтышкан жок. Муунтуп жатышты, бир нече ирет эсимди жоготтум. Ар кайсы жакка койгулашты. Мен кылбаган нерсени кылды деп түшүнүк жаздырышып, өздөрү менин ордума кол коюп коюшту. Шаар четине алып чыгышып сабамак болушкан эле, туугандарым учурунда таап калышты. Жыныстык мүнөздөгү зомбулук кылуу менен да коркутканга чейин барышты.
- Сиз мурда да укук коргоо кызматкерлери ар кандай эрежелерди бузуп жатканын тартып жүргөнсүз. Алар сизди таанып калып ушуга барышкан жокпу?
- Жок, алар мени таанышпайт. Мен дайыма көз айнек тагынып жана баш кийим кийип алып тартам. Мени таанышса таптакыр тийишмек эмес. Себеби алар бул нерсе коомчулукка тарап кетет деп коркушмак.
- Мындан ары эмне кылайын деген оюңуз бар?
- Мен акыр-аягына чейин барам. Жакында алысыраактан тартканга мүмкүнчүлүк берген жабдык алдырып жатам. Менде эми инспекторлорду пара алып жаткан жеринен тартканга мүмкүнчүлүк пайда болот. Жеке эле МАИ кызматкерлеринин эмес, укук бузган бардык кызматкерлердин бетин ачам.