
* Мындан 20 жыл мурун, 1994-жылы Түндүк Корея мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын туңгуч президенти (1972-1994)
Ким Ир Сен 82 жашында жүрөк оорусунан каза болгон. Көзү тирүү кезиндеги расмий титулу "Улуу жол башчы, жолдош Ким Ир Сен" болгон. Каза болгондон кийин "Түбөлүк президент" деп аталган. Ал атайын курулган "Түбөлүк президент" күмбөзүнө коюлуп, өлкөдө үч жылдык аза күтүү башталган. Андан кийин Түндүк Кореяны уулу, мураскер
Ким Чен Ир 2011-жылдын 17-декабрына чейин башкарган. Азыркы тапта өлкөнү
Ким Чен Ын башкарып келет.

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн уруш искусствосу боюнча жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар 6 медалга ээ болушкан. Алтын медалды 63,5 килограммга чейинки салмактагылар арасында беттешүүгө чыккан кикбоксчу
Алексей Федосеев жеңип алган.
Сталбек Дарканбаев (71 кг) күмүш,
Кумар Жалиев (81 кг) коло, Уланбек Касымбеков (57 кг) коло медалдарына ээ болушкан. Ошондой эле
Алексей Кибкало жана
Татьяна Когадейден турган бий жуптары латын-америкалык стилинде 3-орунга татыктуу болушкан. Ал эми
Данияр Кашкараев тай боксу боюнча (57 кг) күмүш медаль алган.

* Мындан 42 жыл мурун, 1972-жылы Өзбекстандын президенти
Ислам Каримовдун улуу кызы
Гүлнара Каримова Фергана өрөөнүндө төрөлгөн. Экономика жана искусство багыты боюнча жогорку билимге ээ болгон. Эмгек ишмердүүлүгүн Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен баштаган.