Декларация: Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдырахман Мавляновдун жылдык кирешеси 1 миллион 421 миң сом

Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Абдырахман Мавлянов (сүрөттө) 2013-жылы 1 миллион 421 803 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясына таянсак, мунун 471 915 сому маяна, 344 508 сому пенсия, калганы кошумча кирешеси. Мүлктөрү: 78,2 жана 53,4 чарчы метр жерди ээлеген эки батир, дача (6 сотых), 186 чарчы метр жерди ээлеген курулуп бүтө элек имарат. 3 ишканада үлүштөргө ээлик кылат (40, 40 жана 50 пайыздык акция). Жакындары былтыр 128 миң сом киреше тапса, 200 чарчы метр жерди ээлеген үйдүн кожоюндары.

Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары Бакыт Тыналиева былтыр 357 446 сом маяна алганын, кошумча кирешеси жок экенин айтат. 431 чарчы метр жерди ээлеген үйгө, коттедждин бир бөлүгүнө (52 чарчы метр), 40 чарчы метр аянтты ээлеген дачага ээлик кылат. 2010-жылы чыгарылган Тойота Прадо автоунаасы бар. Жакындары былтыр 895 775 сом киреше табышса, 2008-жылы чыгарылган Ниссан Кашкай автоунаасына кожоюн.

Аталган комиссиянын экс-төрагасы Алтай Бөрүбаев өткөн жылы 624 938 сом киреше тапканын айтты. Мунун 403 629 сому маяна, калганы кошумча кирешеси. 2 үйгө ээлик кылат, аянттары: 121 жана 190 чарчы метр. 2000 чарчы метрлик жер тилкеси бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан