Ош
шаардык кеңеши Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатын шаардын бактарында, эс алуучу жана башка жайларында гүлдөр менен көчөттөрдү
кароону жакшыртууну милдеттендирди. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим муниципалдык ишкананын шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жүргүзгөн иш-чаралары тууралуу маалыматы угулгандан кийин кабыл алынды. Ошондой эле депутаттар
көрктөндүрүү иш-чараларын, ирригациялык системдер менен шаардын
борбордук эмес көчөлөрүндө оңдоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүүнү тапшырды.