Алмазбек Атамбаев Эдуард Шеварднадзенин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Грузиянын президентине көңүл айтты

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Эдуард Шеварднадзенин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвилиге көңүл айтты. 

“Ал СССРдин тышкы саясатына, ошондой эле өлкө башчы болуп турганда азыркы Грузиянын түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошту. Эдуард Амвросиевич Шеварднадзенин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жакындарына жана бүткүл грузин элине терең кайгыруу менен көңүл айтам деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 7-июлда Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварднадзе 86 жаш курагында каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан