Ооганстанда Көз карандысыз шайлоо комиссиясы өткөн айдын 14-июнунда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алгачкы жыйынтыгын кечээ, 7-июлда чыгарды. Муну чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Маалыматка таянсак, чыгарылган жыйынтык боюнча өлкөнүн мурдагы каржы министри Ашраф Гани жалпы добуштун 56,44 пайызын алып алдыга чыкса, анын атаандашы, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла 43,56 пайыз добуш алган. Расмий жыйынтык 22-июлда чыгары айтылды.
Айта кетсек, Гани 2009-жылы да президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүп, 3 пайыз гана добуш алган.