6-июль күнү КРнын ИИМинин Жол-кайгуул кызматы Ысык-Көл облусунун аймагында атайын профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 8-июлда билдиришти.
Маалыматка ылайык, профилактикалык иш-чаранын алкагында күч кызматтары тарабынан 5 жол эрежелерин бузуу фактысы ачыкталды. Анын ичинде 2 Облустук ички иштер башкармалыгынан, 2 прокуратура жана куралдуу күчтөр тармагынан 1 эреже бузуу катталган.
Ошондой эле 3 сааттын ичинде Ысык-Көл облусундагы экологиялык күзөтүндө Жол-кайгуул кызматы тарабынан 109 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган.