Сууга түшүү сезону башталгандан бери 7 наристе сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-июлда билдирди.
Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы жалпысынан 34 адам сууга чөккөн. Анын ичинде Ош жана Бишкекте 3төн, Чүйдө 16, Ысык-Көлдө 2, Жалал-Абадда 8, Баткен жана Ош шаарында 1ден адам сууга чөгүп кетип каза табышкан. Ал эми сууга түшүү сезону башталгандан тарта 18 адам, анын ичинде 7 наристе сууга чөгүп көз жумган.