Абибилла Кудайбердиев Астанадагы Коргоо министрлер кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев баш болгон кыргыз делегациясы 3-4-июль күндөрү Астана шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги отурумуна катышышты.

Отурумда КМШ өлкөлөрү боюнча аскердик-техникалык кызматташтык, абадан коргоо системинде биргеликте иш алып баруу жана аскердик кадрларды даярдоо маселелери талкууга алынды. Талкуудан соң 18 документке кол коюлду. Жыйындын соңунда кыргыз делегациясы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Коргоо министрлер кеңешинин саммитинин алкагында Абибилла Кудайбердиев Азербайжандын коргоо министри Закир Гасанов, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу 8-июлда Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан