Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев (сүрөттө) 2013-жылы 795 568 сом маяна алыптыр. Кошумча кирешеси жок жана “жеке менчик автоунаасы жок чиновниктердин катарындамын” дейт. Анын жакындары 160 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйгө ээлик кылышат. Декларацияда алардын жылдык кирешеси тууралуу маалымат берилген жок.
Орозбек Молдалиевдин орун басары Табылды Орозалиев өткөн жылы 472 152 сом киреше тапкан. 120 чарчы метр батирдин ээси. Анын жакындарынын былтыркы кирешеси 96 000 сом болгон. Мүлкү: 120 чарчы метр аянтты ээлеген бир үй.
Аталган комиссиянын мурунку жетекчиси Абдилатиф Жумабаев бир жылда 514 229 сом маяна алганын айтат. 0,60 гектар жер тилкесине ээлик кылат. Жумабаев жакындарынын жылдык кирешеси жана үй мүлкү тууралуу маалымат берген эмес.