Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматынын кызматкери 2 килограммдан ашык баңгизаты менен кармалды

Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматынын кызматкери 2 килограммдан ашык баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарын көзөмөлдөө кызматынан бүгүн, 8-июлда билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматынын кызматкери "баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууга тиешеси бар" деген шек менен кармалган.

Кармалган учурда 1989-жылы туулган аталган мекеменин кызматкеринин жанынан ак баштыкка салынган баңгизат табылган. Аталган баңгизат марихуана жана салмагы 2 килограмм 505 грамм экени аныкталды. Учурда иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан