Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев (сүрөттө) 2013-жылы 617 681 сом маяна алганын, кошумча киреше булагы жок экенин айтты. Тапшырган декларациясына таянсак, Карашевге караштуу 118 чарчы метр жерди ээлеген бир үй бар. Анын жакындары өткөн жылы 101 830 сом киреше табышыптыр.
Аалы Карашевдин орун басары Олег Тарбинский 2013-жылы 656 003 сом киреше тапкан. Мунун 546 653 сому маяна, калганы кошумча кирешеси. Жакындары былтыр 279 352 сом киреше табышкан: 190 532 сому пенсия, 88 820 сому маяна. Алардын мүлктөрү: 4 дача, 3 гараж жана 1 батир. 1994-жылы чыгарылган Фольксваген Пассат автоунаасына ээлик кылышат.
Аталган кызматтын жетекчисинин дагы бир орун басары Бахтияр Фаттахов былтыр 457 100 сом киреше тапкан, мунун 425 750 сому маяна. 68,3 чарчы метр жерди ээлеген батирге ээлик кылат. Жакындары былтыр 63 000 сом киреше тапса, аларга караштуу 285,9 чарчы метр аянтты ээлеген бир үй бар.