Декларация: Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов былтыр 713 390 сом иштеп тапкан

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов (сүрөттө) 2013-жылы 621 725 сом маяна, 91 665 сом пенсия алган. Ошондо кызматкердин жалпы кирешеси 713 390 сомду түзөт. Эрматов бир үйгө (аянты көрсөтүлгөн эмес) жана 0,30 сотых жер тилкесине ээлик кылат. Бир автоунаасы бар (үлгүсү жана чыгарылган жылы көрсөтүлгөн жок). Декларацияда жакындарына караштуу 1 үй, 4 жер тилкеси бар экени көрсөтүлдү.

Эгемберди Эрматовдун орун басары Алмаз Кулматов былтыр 225 391 сом маяна алганын айтты. 143 чарчы метр аянт үйгө ээлик кылат. Анын жакындары өткөн жылы 128 000 сом киреше табышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан