2016-жылы Нарын шаарында Борбор Азия университетинин ачылышы пландалып жатканы айтылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 7-июлда "Ага-хан" өнүктүрүү түйүнүнүн өкүлчүлүгүнүн башчысы Нуржехан Мавани менен анын Кыргызстандагы миссиясынын аяктап жатканына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен өкүлчүлүктүн ортосундагы кызматташуу келечеги, биргелешкен долбоорлордун иш жүзүнө ашуусунун натыйжалуулугу тууралуу пикир алышты.

Төрага өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө жана калктын жакыр жашаган катмарынын жашоо-шартын жакшыртууга кошкон салымы үчүн "Ага-хан" өнүктүрүү түйүнүнө ыраазычылык билдирди. 

Финансылык секторго байланыштуу жагдай тууралуу төрага каржылык кызмат көрсөтүүлөр болбогон тоолуу облустарда жашаган, социалдык жактан коргоого муктаж калктын катмарына насыя сунуштаган "Ага-хан" агенттиги тарабынан түзүлгөн мекемелердин ишмердүүлүгүнө оң баасын берди. Асылбек Жээнбеков Нарын шаарында Борбор Азия университетинин курулушуна өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Буга байланыштуу Н.Мавани окуу жайдын курулушу толук кандуу жүрүп, 2016-жылы университеттин ачылышы пландалып жатканын билдирди.

«Биз мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган, ошондой эле кичи шаарларды өнүктүрүү багытындагы иштерге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Биздин ишмердүүлүк социалдык жана экономикалык маселелерди комплекстүү кадамдар менен чечүүдө көрүнөт. Биз региондордун туруктуу өнүгүүсү үчүн өнүккөн инфраструктураны түзүүнү максат кылганбыз»,- деп белгиледи ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан