Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген энелер багууга шарты жоктугунан балдарын интернаттарга, балдар үйлөрүнө берип жатышат. Бул тууралуу 2012-2014-жылдарга карата өлкөдө Социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга мониторингдин жана баа берүүнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча Ош, Бишкек шаарларында өткөрүлүлгөн жыйында айтылганын ЖКнын басма сөз кызматы 8-июлда билдирди.
Жыйында стратегиялык талапка ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесиз өскөн балдарга көңүл буруу керектиги белгиленди. Тегерек столдун жыйынтыгында тиешелүү резолюция кабыл алынды.
Айта кетсек, калкты социалдык жактан коргоону өнүктүрүү стратегиясына мониторинг Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова жана Балдар менен аялдардын социалдык, экономикалык укуктарын алга жылдыруу боюнча бейөкмөт уюмдардын коалициясы тарабынан жүргүзүлгөн.