Бишкек: Октябрь районунда жарандардын биометрикалык маалыматын топтой турган жерлер болжолдуу түрдө такталды

Бишкектин Октябрь райондук акимчилиги жарандардын биометрикалык маалыматын топтоо темасы боюнча жакында кеңейтилген жыйын өткөрөт. Мэриянын билдиришинче, жыйынга "Инфоком" ишканасынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү мекеме, органдардын өкүлдөрү катышмакчы. Райондогу 16 жаштан жогорку жарандардын санын аныктоо үчүн бирдиктүү форма иштелип чыгып, тийиштүү органга жиберилгени айтылды. Биометрикалык каттоо боюнча бригаданын иши үчүн мектептер бөлүндү жана штабдар түзүлдү. Учурда 16 жаштан жогорку жарандардын тизмесин тактоо иштери уланып жатканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан