Жалал-Абад. Өздүк эсебине 87 миң сомдой каражатты өткөрүп алган кесиптик лицейдин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарындагы №76-кесиптик-техникалык лицейдин кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “мекеменин карамагындагы мүлктү өздөштүрүү жана жок кылуу” беренелери боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыпталуучулар расмий документтерге билип туруп жалган маалыматтарды жазышкан жана студенттердин атынан жасалма кол коюп, алардын тамак-ашына бөлүнгөн 86 570 сомду өздөштүрүп алышкан. Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан