Чаткалдын акими: "Кассан" сурьма кени боюнча өткөн аукционду белгисиз жарандар үзгүлтүккө учуратышты"

Кечээ, 7-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында "Кассан" сурьма кенине чалгындоо иштерин жүргүзүү укугун берүү боюнча аукцион уюштурулуп, бирок аягына чыкпай калды. Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги аукционду белгисиз күчтөр токтотуп салганын айткан эле. Бул боюнча аталган райондун акими Канжарбек Эшалиевге байланыштык. Окуя боюнча кенен маалымат айтуудан тайсалдаган акимден буларды билдик:
"Ооба, кечээ аукцион уюштурулуп, бирок бүтпөй калды. Башка күнгө жылдырылды. Терек-Сай айылынын тургундары "кенде биздин компания иштеши керек" дегендей болуп каршы чыгышты. Анан да белгисиз он чакты бала аралашып, аукцион токтоду. Алар кайдан келген балдар экенин да билбейбиз. Эми Геология агенттиги менен сүйлөшүп, балким, кийинки аукционду Бишкекте өткөрөбүз"
Аукцонго төмөнкү компаниялар катышкан:
"Терек-Сай Стибиум";
"Жанг Юань Девелопмент";
"Терек-Сай жаштары";
"Камбэй";
"Андагул";
"Сан Фенг";
Жеке ишкер Таалайбек кызы Жанаркүл;
Жеке ишкер Ядгаров А.К.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан