Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 11-июнунда кабыл алынган “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Маалыматты президенттин аппараты бүгүн, 8-июлда билдирди.
Мыйзамда калк жашаган пункттардын бекитилген генералдык пландары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында жана алардын кызматтык имараттарындагы жалпыга жеткиликтүү жерлерде, топографиялык негиздерин жана алардын координаттарын чагылдыруусуз, калк жашаган пункттарды куруунун схемалары түрүндө жайгаштырылууга тийиш экендиги так белгиленет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.