“Чарбалык шериктештер жана коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Жогорку Кеңеш ушул жылдын 12-июнунда кабыл алган “Чарбалык шериктештер жана коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамына өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Муну бүгүн, 8-июлда президент аппараты кабарлады.

Мыйзамда “Чарбалык шериктештер жана коомдор жөнүндө” мыйзамынын ченемдерин Конституцияга жана Граждандык кодекстин ченемдерине ылайык келтирүү жагы каралган.

Мына ушул максатта мыйзамдын бардык текстинде редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан