Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери "грузиялык “мыйзамдагы ууруга” мыйзамсыз паспорт берген" деп шектелишүүдө

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери "грузиялык “мыйзамдагы ууруга” мыйзамсыз паспорт берген" деп шектелишүүдө. Бул боюнча бүгүн, 8-июлда ИИМден билдиришти.

Маалыматтарга ылайык, 2012-жылы Ош шаарындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоого алуу департаментинин тез документ даярдоочу бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен КРнын паспортун алуу үчүн жасалма документтерди даярдашкан. Мындай иш-аракеттердин натыйжасында Грузиянын жараны, Ремень каймана аты бар Барбакадзе Роман аттуу “мыйзамдагы ууруга” Алхозов Рамин деген ат менен КРнын паспортун даярдап беришкен.

Кийин аталган жаран Украинада укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы тууралуу видеодо ал Кыргызстандын жараны экендигин жана Ош шаарында жашаганын айткандыгы интернет айдыңына тарап кеткен.

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөө башталды. 

Грузиялык "мыйзамдагы ууру" "Кыргызстандын жаранымын" дейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
restreppo
2014-07-08 14:01:13
жакшылап текшерсенер абдан коп чыгат мындайлар,озгочо баткен тарапты ал жактан тажиктер коп алышкан
+1
maksymtegin
2014-07-08 19:18:23
өтө чоң суммада акча берсе керекда.
0
OTYPBARATYPELEEE
2014-07-08 20:34:04
Jakynda, bizdin mowennikter Obama bratka jazap berishi mymkyn. :-)
0
kaytmas
2014-07-08 23:21:57
коп чыгат мындай паспорттор
0
forvard
2014-07-08 23:42:06
Бу кыргыздар эч онолбоду го.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан