Казакстанда 20 килограммдан ашык героин алып бараткан кыргызстандык 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары кабарлашууда.
Маалыматтарга ылайык, коңшу өлкөнүн чек арачылары Опель Вектра унаасынын жүргүнчүлөрүн жана унааны текшерүүгө алышкан. Чек арачылардын кызматтык ити унаада баңгизаты бар экени тууралуу белги берген соң, унаанын чанагына катылган 20 килограмм 700 грамм героин табылган.
Учурда аталган факт боюнча коңшу өлкөнүн укук коргоо кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.