Жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевге катуу сөгүш берилди. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 8-июлда өкмөттүн аппараты билдирди.
Сөгүш берүүгө өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн кызматтык териштирүү жыйынтыктары жөнүндө маалымдамасы негиз болуптур.