Эльвира Сариева саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйдү чечүүдө мекемелер биргеликте иш алып барышы керектигин айтты

Бүгүн, 8-июлда Бишкек мэриясынын демилгеси менен өткөн жыйынга КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева катышты. Анда саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагында иш алып барган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин көзөмөлдөө маселеси каралды. 

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, азыркы тапта саламаттыкты сактоо жаатында каржылоодо көйгөйлөр бар. Бул багыттагы нормативдерди аткаруу шаардын бюджетинен көз каранды болууда.

Вице-премьер-министр бул маселени чечүү үчүн тийиштүү министрликтер менен мекемелердин ишин көзөмөлгө алуу керектигин айтты. Жыйындын соңунда Эльвира Сариева Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо министрлигине Бишкек мэриясы менен биргеликте иш алып барып, маселени изилдөө үчүн жумушчу топ түзүү тапшырмасын берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан