Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга бүгүн, 8-июлда кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 11-июнунда кабыл алынган.
“КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине өзгөртүү киргизилип, ага ылайык, акыйкатчынын кызмат ордуна талапкерди сунуш кылуу укугуна парламенттик фракциялар ээ болушат жана алар ар бир фракциядан үчтөн көп эмес талапкерди сунуш кылышат.
Ошондой эле акыйкатчынын орун басарын шайлоонун жаңы тартиби аныкталууда. Алсак, акыйкатчы анын орун басары жыйынга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгү, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмеси добуш беришсе, шайланды деп эсептелинет. Ал эми колдонуудагы тартип боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш бергенде талапкерлер шайланды деп эсептелинет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.