Декларация: Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев былтыр 481 904 сом киреше тапканын айтты

Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев (сүрөттө) 2013-жылы 481 904 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясына таянсак, мунун 181 904 сому маяна, 300 миң сому кошумча кирешеси. Мерседес-Бенц 320 үлгүсүндөгү бир автоунаага ээлик кылат. Жакындары былтыр 1 миллион 020 000 сом киреше табышса, 123,5 чарчы метр аянтты ээлеген батирге, Тойота Карина автоунаасына кожоюндук кылышат.

Акыйкатчынын орун басары Токтокан Боромбаева былтыр 650 444 сом киреше тапкан: 424 448 сому маяна, 225 996 сому пенсия. 3 батирдин ээси, аянттары: 89,6 жана 62,1 чарчы метр (биринин аянты көрсөтүлгөн эмес). Жакындары өткөн жылы 89 100 сом киреше табышкан. Аларга караштуу бир үй (180 чарчы метр), жер тилкеси (40 сотых), көп жылдык өсүмдүк көчөтү (8 сотых) жана Нива автоунаасы бар.

Акыйкатчынын дагы бир орун басары Мухтар Кожошевдин жылдык кирешеси 741 366 сом. Мунун 348 766 сому маяна, 113 600 сому пенсия, калганы кошумча кирешеси. 320 чарчы метр аянтты ээлеген үйү, 40 чарчы метр жерди ээлеген чайканасы, 80 чарчы метр аянтты ээлеген батири бар. Автоунаасы: Мерседес-Бенц 230. Анын жакындары былтыр 195 890 киреше табышкан. 320 чарчы метр жерди ээлеген бир үйгө жана Хундай үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан