Декларация: Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Радбек Ешмамбетов былтыр 1 миллион сомдон ашык киреше тапкан

Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Радбек Ешмамбетов (сүрөттө) 2013-жылы 1 миллион 239 112 сом киреше тааптыр. Тапшырган декларациясына таянсак, аппарат жетекчиси 460 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйгө ээлик кылат. Автоунаасы, жакындарынын үй-мүлкү тууралуу маалымат берген жок.

Радбек Ешмамбетовдун орун басары Сүйүнбек Касмамбетов 1 миллион 099 545 сом киреше тапканын жана 40 чарчы метр аянтты ээлеген батирге ээлик кыларын айтты. Анын жакындары былтыр 220 397 сом киреше табышкан. Башка маалымат берилген эмес.

Аппарат жетекчисинин дагы бир орун басары Тажимамат Шаболотов өткөн жылы 1 миллион 004 046 сом маяна алса, кошумча кирешеси 19 688 сом. Жалпы кирешеси 1 миллион 023 734 сомду түзөт. 295 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйү, 180 чарчы метрлик жер тилкеси бар. Жакындары былтыр 392 067 сом киреше табышса, 80 чарчы метр аянтты ээлеген батирге, 18 чарчы метрлик контейнерге ээлик кылышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан