Румынияда 3 жыл мурун каза болгон айым о дүйнөдөн селфи сүрөтүн небересине жөнөткөнү талкууланууда

Румыниядагы Скуртешть шаарынын 34 жаштагы тургуну өзүнүн телефонунун экранынан 3 жыл мурун каза болгон чоң энесинин сүрөтүн көрүп таң калган. Ал муну "о дүйнөдөн келген билдирүү" деп, чоң энесинин эмнени айткысы келгенин изилдеп, бир топ иш-аракеттерди жасаган. Жина Михай тарабынан интернетке тараган сүрөттө маркумдун келбети жакшы көрүнгөн эмес, ал эми анын моюнунан ак чүпүрөккө окшош нерсе көрүнгөн. 

34 жаштагы айым сүрөттү көзү ачыкка алып барганда, ал моюнга оролгон нерсенин жылан экенин айтып, жердеги күнөөлөрү үчүн аркы жашоодо чоң энесинин моюнуна оролуп алганын билдирген. 

Кийинки жашоосу үчүн даярданган Жина Михай жана анын туугандары моюнуна жылан оролбошу үчүн чиркөөгө барып, өздөрү жана чоң энелери үчүн сыйынып турууну чечишкен. Маркумдун сүрөтү небереси таттуу токоч бышырып жаткан учурда пайда болгону да айтылат. 

Румынияда "о дүйнөдө тамактануусу үчүн мүрзөсүнө тамак алып барып туруу керек" деген ишеним бар экенин айткан Жина Михай күн сайын энеси жаткан жерге тамак алып барарын кошумчалаган. 

"Чоң энемдин сүрөтү мен тамак бышырып жатканда пайда болду. Бул бекеринен эмес. Анын арбагы тынч болуш үчүн бардык күчүмдү жумшайм",- дейт ал. 

Бул тууралуу 7-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Desmond
2014-07-08 23:13:00
Ал жакта да селфи бар бекен? )))
+2
Kyrgyzbaj
2014-07-08 23:33:07
Аллах таала баардык нерсеге кудуреттуу «олукту тирилтет, тирикти олтурот, бир адамдан экинчи адамды жаратат»...

Акыл жугуртбостон, кайра «мурзого тамак ташып» ...

Каапыр абалда олгон адамга эч кандай женилдик жок,
Ошон учун алдын алуу керек,
Кааласак каалабасак да бир кун келет ошол аял таткан олум даамын биз да татабыз, ойлонгула акыл которгон адамзат
+7
wizard
2014-07-08 23:36:36
хаха аркы дуйнодо да интернет бар бекен. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-07-09 13:52:37
wizard - эскертүү!
Кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
0
bolot00
2014-07-09 00:14:11
тообо кылдым тообо кылдым
0
Danel
2014-07-09 00:47:26
Шумдугун кургурдун,шумдугун курутуптур.
0
Kara_kyrgyz
2014-07-09 09:23:04
аьузубиллах1 оо дуйно менен ойношпой эле койбоптур да
0
jakula
2014-07-09 10:44:01
Оо дуйнодон кантип жонотту суротун.Чын эле фото шоп болсо керек. Же азыркы заманда тигил дуйного да интернет барып калыптырбы. Тушуно кирсе да бир жон. Ишенбейм.
+3
adilet15
2014-07-09 12:31:17
Туура эмес ишенимдегилерге боорум ооруйт. Эми ушинтип өмүр бою ошол мүрзөгө тамак ташып өтөбү? Эх, каапырай!
0
alenka
2014-07-09 13:38:27
селфи деген эмнени тушундурот?
0
admin_portal
2014-07-09 13:53:21
alenka, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/article/?article=28251
0
Baktiar93
2014-07-10 09:26:36
Ишенбейм
0
Abdirashit
2014-07-28 02:24:37
Аллахым озу кечирсин бул жалган. Папулярдуу болуунун жолун табыптыр бирок
+1
Bermet_Kasymova
2014-08-15 23:16:28
журогум тушуп калды. Орусча айтмакчы "мурашки побежали". Элестет мен да тамак жасап атсам,чон атам суротторун жонотуп,акыбалымды сурап атса(тамаша).
+3
Bermet_Kasymova
2014-08-15 23:18:22
мен да бир газетадан ушундай сыяктууларды окугам. Айла жок жаканды кармайсын
0
mambetov88
2014-08-28 10:57:56
alcatel дин рекламасыго
+1
Aiperi95
2015-11-02 21:57:52
Мынча коркунучтуу.бугун окудум
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан