Талас. Уурулук менен алектенген 2 уюшкан кылмыштуу топ колго түштү
Талас облустук ИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдиргендей, Талас ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан уурулук кылып жүргөн 2 уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Аталган 2 топ көбүнчө түнкүсүн жортуулга чыгышып, төө буурчак уурдаганга кынык алышкан. Аталган уурулар өткөн жылдын ноябрь айында Бакай-Ата айылынын тургуну 1979-жылы туулган Базарбаев Мирландын 3 кап төө бурчагын, ошол эле айылдын тургуну Мырзабекова Гүлзаттын 150 килограмм төө бурчагын уурдап кетишкендиктери аныкталды. Учурда уюшкан 2 топтун мүчөлөрү камакка алынып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.